Бишкекте футзал боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 3-январда футзал боюнча “Наристе” эл аралык мелдеши башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 35 жаштан 60 жаштан жогору спорт сүйүүчүлөр арасында өтүп жатат. Жалпы 70тен ашык команда катышууда.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Эске салсак, мелдештин финалдык оюндары 10-январда болот.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/