Бишкекте энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат – ИА Караван Инфо
Бишкекте энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Бишкек электр тармактар ишканасы аба-ырайынын суукташына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барат, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында энергетиктер күнү-түнү өз ишин жүргүзүүдө.

Кескин суукка байланыштуу “КУЭТ” ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында жооптуу кызматкерлердин кезмети уюштурулду.

Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында ишканада 12 ыкчам-чыгуучу бригадасы нөөмөттө турушат.

Ыкчам чыгуу үчүн атайын техника жана нөөмөттүк автомашиналар даярдалды.

Штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы ыкчам жоюу схемасын иштеп чыгуу менен даярдалган. Бардык оңдоо бригадалары зарыл запастык бөлүктөр менен камсыз болгон.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: