КИББдин кызматкерлерине Бишкек шаарында кумар оюндарын уюштуруу фактылары боюнча маалымат түшкөн. Белгисиз адамдар кумар оюндарын ойноочу шаймандарды колдонуу аркылуу оюн уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Бильярд клубунун атын жамынган жашыруун оюн-зоок жайында конспирация чаралары кылдаттык менен сакталган, ал жака “өз кишилерин” гана киргизишчү.
Чогултулган материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси «Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу» менен кылмыш иши козголгон.
2025-жылдын 21-январында Биринчи май райондук ИИБдин тергөөчүсүнүн кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү жөнүндө токтомунун негизинде, ИИМдин КИББнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан «Sun Club» бильярд клубуна тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Аталган имараттан кумар оюндарын (покер) ойноочу жайлар табылган. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда бильярд клубунун башка бөлмөлөрүндө кумар оюндарынын мыйзамсыз ойнотулуп иш жүргүзүлүп келгени аныкталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча кумар оюндарынын уюштуруучусу 1991-жылы туулган Э.А. аттуу жаран болгон. Ал оюн-зоок бизнес мекемесинин иштешине шарт түзүп, жарандарды оюндарга катышууга чакырып турган.
Шектүү жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы бул факты боюнча тергөө иштерин улантууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/