Бишкекте КЭУнун чатырынан өрт чыкты
Бишкектин Чүй проспекти жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кыргызстан Эл аралык университетинин чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Болжол менен саат 13:30да чыккан жалын туура бир сааттан кийин, тактап айтканда саат 14:30да толугу менен өчүрүлгөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм жана Штаб тартылган.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 50 чарчы метрди түзгөн.
Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/