Бишкекте кыргыз-беларус тышкы иштер министрликтеринин саясий консультациялары өттү – ИА Караван Инфо
Бишкекте кыргыз-беларус тышкы иштер министрликтеринин саясий консультациялары өттү

Бишкекте 29-ноябрда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары А. Исаевдин жана Беларусь Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары И.Назаруктун  төрагалыктары астында Кыргыз-Беларусь тышкы иштер министрликтери аралык саясий консультациялар болуп өттү.

Консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Кыргыз Республикасынын ЖККУга 2025-жылы боло турган төрагалыгынын алкагында өз ара координация жүргүзүүнү жаначогу аракеттенүүнү чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: