Бишкекте Кыргызстан менен Түркия ИИМнин биргелешкен II жыйыны өттү
Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 18-19-декабрында Түркиянын Ички иштер министрлигин делегациясы иш сапар менен келип Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ички иштер министрликтеринин биргелешкен экинчи жыйыны өттү.
Түркия мамлекетинин Ички иштер министрлигинин делегациясы менен КР ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстан менен Түркия мамлекеттеринин Ички иштер министрликтеринин эки тараптуу кызматташтыктары боюнча маселелер талкууланды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
