Бишкекте Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү – ИА Караван Инфо
Бишкекте Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

Бишкектеги И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде 3-октябрда түркмөн элинин улуу акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Иш-чарага маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев, илим, маданият ишмерлери жана коомдук ишмерлер катышты.

Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына карата “Тандалмалар” аттуу ырлар жыйнагы (түркмөн тилинен которгон Кыргыз Республикасынын эл акыны Түгөлбай Казаков) жана “Мактымкулунун асыл баамдары” (“Magtymguly Pyragy – Durdane baamlari”) аттуу китептердин ачылышы болду.

Иш-чарада маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу маселелери, ошондой эле маданият жана илим тармагындагы мындан ары кызматташуунун келечеги талкуулды.

Аталган иш-чара Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болуп, эки элдин ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

error: