Бишкекте жаңы конуштарды газдаштыруунун келечеги талкууланды
Жаратылыш министри Медер Машиев башында турган ведомстволор аралык комиссия Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы жаңы конуштарды газдаштыруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек мэриясынын, министрликтердин жана “Газпром Кыргызстан” ишканасынын өкүлдөрү катышты.
“Газпром Кыргызстан” ишканасынын директорунун орун басары А. Алдаяров учурдагы абал боюнча отчет берип, бүгүнкү күндө 47 конуш газга кошулгандыгын айтты.
Комиссия газга кошулууга кызыкдар жарандар үчүн жеңилдетилген насыя берүүнү жөнөкөйлөтүү механизмдерин иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/