Бишкекте жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери жүрүүдө – ИА Караван Инфо
Бишкекте жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкек шаарында аба ырайынын сууктугуна карабастан, жолдордогу чуңкурларды оңдоо иштери уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, учурда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын адистери Жаш Гвардия бульвары менен Л. Толстой көчөсүндөгү чуңкурларды оңдоп жатышат.

Бишкек мэриясы жарандардан жана айдоочулардан жогоруда белгиленген даректер аркылуу унаа менен жүрүүдөн кармана турууну өтүнөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: