“Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасы “Ала-Арча” дарыясынын нугундагы муздарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, учурда борбордун Октябрь, Биринчи май жана Ленин райондорунда муздарды тазалоо иштери кол менен жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул процесс суунун эркин агымына тоскоол болуп, суу ташкынына алып келиши мүмкүн, муздун пайда болушуна жол бербөө максатында иш механикалык жана кол менен да жүргүзүлүүдө.
Жеке коопсуздукту камсыз кылуу жана кырсыктардын алдын алуу максатында ишкана балдарды “Ала-Арча” жана “Аламүдүн” сууларынын жээктерине, ошондой эле ачык каналдарга жакын жолотпоону сунуштайт.
Кыш мезгилинде суу объектилери кооптуу болушу мүмкүн жана алардын айланасында этият болуу өтө маанилүү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/