Бишкектеги Аламүдүн дарыясы тазаланды
Күн мурун Бишкектеги Аламүдүн дарыясы тазаланды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине ӨКМден 4 эксковатор, жергиликтүү бийлик тарабынан 2 эксковатор жана 12 ХОВО жүк ташуучу унаа тартылды.
Белгилей кетсек, кыш мезгилинде муз тоңуп, суу ташкынын алдын алуу максатында Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо 2024-жылдын 27-декабрында башталган. Кечээ, 4-январда ӨКМге белгиленген тилкелер тазаланып, аягына чыкты.
Механикалык тазалоо ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы жана Бишкек шаардык мэриясынын атайы кызматтары тарабынан жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/