Бишкектеги билим берүү мекемелеринде тамактануунун уюштурулушу текшерилди – ИА Караван Инфо
Бишкектеги билим берүү мекемелеринде тамактануунун уюштурулушу текшерилди

Үстүбүздөгү жылдын 15-20-январында Октябрь районунда билим берүү мекемелериндеги тамактануунун уюштурулушуна комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянан кабарлашты.

Комиссиянын курамына Муниципалдык администрациянын, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун (МСЭКБ) жана райондук Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү кирди.

Текшерүү учурунда МСЭКБ, Муниципалдык администрация жана райондук Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери балдардын коопсуздук талаптарына жабдуулардын жана имараттардын ылайыктуулугун, журналдардын болушун, ашкана жана кампа бөлмөлөрүнүн абалын текшерди.

Мэриядан азык-түлүктү сактоо эрежелерине жана милдеттүү документтерди, анын ичинде эсеп журналдарын жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгилешти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: