Бишкектеги “Дельфин” бассейни капиталдык оңдоодон кийин ачылды – ИА Караван Инфо
Бишкектеги "Дельфин" бассейни капиталдык оңдоодон кийин ачылды

“Дельфин” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Кыска убакыттын ичинде дубалдар жаңыртылып, жер төлөдөгү түтүктөр алмаштырылды, жаңы электр зымдары орнотулуп, жарыктандыруу жана шып толугу менен жаңыланды.

Айрыкча полдорго өзгөчө көңүл бурулду: ар бир зонага ылайык паркет, линолеум жана керамикалык плиткалар төшөлдү.

Ошондой эле спортчулар үчүн машыгуудан кийин маанилүү экендиги эске алынып душ кабиналары жаңыртылды — азыр алар заманбап жана колдонууга ыңгайлуу.

Эми «Дельфин» ОРАБӨМу спортко кызыккан бардык жаштар үчүн эшигин ачууга даяр. Жарык жана жаңыланган залдар жаш спортчуларды жана сергек жашоого кадам таштоону каалагандарды күтөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: