Бишкектиктер абанын сапатын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөй алат
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Кыргызтелеком” ААКсы менен биргеликте Боз-Бөлтөк тоосуна жана “Совмин” турак-жай комплексине камераларды орнотту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Камералар ар бир жашоочуга абанын абалын реалдуу убакыт режиминде байкоого мүмкүнчүлүк берет. Мониторинг жүргүзүү, илимий изилдөө жана эскирген видео материалдарды манипуляциялоонун алдын алуу үчүн архивдик маалыматтарды түзүүдө көмөк көрсөтөт.
Абанын сапатын онлайн камералар аркылуу байкоого болот: https://online.kt.kg/
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/