Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду – ИА Караван Инфо
Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда бүгүн, 14-январда  саат 09:00дөн 20:00гө чейин ысык суу жана жылуулук менен камсыздоо убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында, иштеп жаткан жылуулук тармагын жаңыртуу жана  жаңы курулган тармакка туташтырууга байланыштуу.

Ысык суу жана жылуулук төмөнкү үйлөрдө өчүрүлөт:

Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобойт, иштер планга ылайык жүргүзүлүүдө.

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана туура тушүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: