Бообек Ажикеев Араван-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин көзөмөлдөдү – ИА Караван Инфо
Бообек Ажикеев Араван-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин көзөмөлдөдү

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Ош облусундагы эки күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 6-февралда Араван районунун Маңгыт айыл аймагындагы Кесек тилкесинде Араван-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты.

Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылуучу долбоордун негизинде Араван-Сай дарыясынын 800 метр аралыгын бекемдөө пландалган. Бул дарыя жээгиндеги кооптуулукту толугу менен жоюуга өбөлгө болмокчу.

Министр Аравандын Көк-Сарай участкасына курула турган полигондун ордун карап чыгып, андан соң Арап жана Чертик айылдарында болду. Араван-Сай дарыясынын жээктериндеги эрозиядан улам жаралган кооптуу абалды өз көзү менен көрүп чыгып, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.

Бул аймакта 150 турак жай жана 65 гектар айыл чарба жери коркунучта турганы айтылды.

Кошумчалай кетсек, министр иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районундагы Машрап-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө, Ош – Сары-Таш – Иркештам унаа жолунун боюндагы коргоочу дамбанын курулушу менен таанышмакчы. Андан соң Өзгөн районунда болот.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: