Бообек Ажикеев Бишкекти ыш каптоосунун үч себебин атады – ИА Караван Инфо
Бообек Ажикеев Бишкекти ыш каптоосунун үч себебин атады

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкекти каптаган ыштын пайда болуу себептерин санап берди. 

Анын айтымында, үч себептен улам шаар ыш алдында калды. Алар: зыяндуу түтүн бөлүп чыгарган транспорттор, күнүмдүк тиричиликте от жагылуучу мештер жана өндүрүш мештери. 

Министр белгилегендей, ыш маселесин чечүү үчүн бензин жана солярка менен жүрүүчү коомдук транспорттор газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырылды. Эми начар сапаттагы көмүр жагылган тиричилик мештерине жана өндүрүш мештерине байланышкан маселени чечүү калды. 

“Бул маселеге Садыр Нургожоевич да дыкат көз салып жатат. Президент бизден ыш маселесине байланыштуу жандуу иш чараларды көрүшүбүздү талап кылууда”, – дейт министр Ажикеев.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: