Борбор Азия жана Түштүк Кавказга климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн жылына 38 миллиард доллар керектелет – ИА Караван Инфо
Борбор Азия жана Түштүк Кавказга климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн жылына 38 миллиард доллар керектелет

Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева Бишкекте өткөн адаптацияны пландаштыруу жана климатты каржылоо маселелерине арналган конференцияда Дүйнөлүк банктын маалыматтарына таянуу менен билдирди.

Мындан улам Соловьева Борбор Азия өлкөлөрүнүн климаттык каржылоого жетүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Климаттык каржылоого жана заманбап технологияларга жетүү экономикалык жоготууларды азайтууда, чөйрөнүн туруктуулугун жана өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо маанилүү”, – деди ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү.

 Айтымында, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону каржылоодо кемчиликтер бар. 

“БУУнун маалыматы боюнча, 2030-жылга чейин Борбор Азия жана Түштүк Кавказ аймагы климаттык каржылоо үчүн жыл сайын 38 миллиард долларга муктаж жана азыркы учурда аймак каржылоого жетүү боюнча дүйнөнүн башка аймактарынан артта калды”, – деп билдирди Соловьева.

Ошондой эле, ал Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр улуттук адаптация пландарын жана климаттык маселелерди өздөрүнүн саясий документтерине интеграциялоону баштады жана учурда активдүү  даярдап жатышканын кошумчалады.

error: