Борбор калаада пландык кеңешме өттү. Эмне талкууланды? – ИА Караван Инфо
Борбор калаада пландык кеңешме өттү. Эмне талкууланды?

Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында жыйын өттү.

Алсак, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын директору Элдияр Токтогонов 2024-жылы аткарылган иштер жана 2025-жылга пландар боюнча отчет берди.

Борбор калаанын башчысы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине кирешелерди көбөйтүү, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Өз кезегинде мэрдин орун басары Рамиз Алиев «Орто-Сай» жана «Аламүдүн» базарларынын аймагындагы тартипти орнотуу иштеринин этабына токтолду.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев коомдук тамактануу жайларында жана соода түйүндөрүндө санитардык нормалардын жана эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүү милдетин койду.

Мындан тышкары, борбор калаа башчысы дарыялардын нугун тазалоо иштерин улантууну, ошондой эле ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү маселесин кароону тапшырды.

«Бишкек шаарынын мэриясы үчүн ар бир суроо жана ар бир тапшырма чоң мааниге ээ, баардык баштаган иштериңерди аягына чейин жеткиргиле», – деп белгиледи муниципалитеттин башчысы.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: