Борбор калаада унаа тыгындарын азайтуу боюнча кандай иштер аткарылууда? – ИА Караван Инфо
Борбор калаада унаа тыгындарын азайтуу боюнча кандай иштер аткарылууда?

Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы унаа тыгындарын азайтуу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Унаа тыгын маселеси кечээ эле пайда болгон жок, бирок ал азырынча чечиле элек. Тыгындар унаалардын саны менен эле чектелбейт – жолдун начардыгы, тар көчөлөр, темир жол өткөөлдөрү, көпүрөлөрдүн жоктугу, жол чырактардын бузулушу, аба ырайынын шарттары, кырсыктар, унаа көп жүргөн сааттар, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлардын жоктугу жана эң негизгиси адам фактор олуттуу көйгөйлөрдү жаратат.

Бул маселени чечүү үчүн комплекстүү мамиле талап кылынат – бул долбоорлоо жана курулуш иштерин, уюштуруу-техникалык иш-чараларды, ошондой эле ири каржылык салымдарды камтыйт.

Бул багытта Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2030-жылга чейин жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана жол тыгындарын азайтуу боюнча концепция иштелип чыгып, план боюнча аткарылып жаткан бир катар негизги милдеттер коюлган.

Темир жолду шаардын сыртына жылдыруу идеясы көптөн бери талкууланып, азыр реалдуу кадамдар жасалууда.

Кытайлык “China Road” корпорациясы менен жол жана көпүрөлөрдү куруу боюнча меморандумга кол коюлуп, долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Кытай тарап үч темир жол каттамын (түндүк, борбордук жана түштүк) сунуштап, түндүк багыты тандалды. Бул темир жол линиясы шаардын түндүк айланма жолу аркылуу өтөт. Бул долбоорду ишке ашыруу көптөн бери талкууланып келе жаткан көйгөйдү чечет – шаарды аралап өтүүчү темир жол линиясын куруу.

“Акылдуу жол чырактардын” системасы ишке киргизилүүдө. Буга чейин 21 кесилиште жол кыймылын санариптик башкаруу системасы орнотулган. Бул багыттагы иштер улантылууда. Учурда шаарда 378 светофордун кесилиши бар.

Ошондой эле, учурда унаа токтотуучу жайларды куруу боюнча эки инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Мындан тышкары мындай комплекстер үчүн дагы төрт жер аныкталып, ротациялык унаа токтотуучу жайларды куруу үчүн 10 жер тандалып алынган.

Ошол эле учурда унаа жыштыгы көп болгон көчөлөрдө акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлардын системасы кайра каралып жатат. Бул иштер инвесторлорду тартуу менен жүргүзүлөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: