БУУ: Ооганстанда 2000ге жакын ИШИМ согушкери бар – ИА Караван Инфо
БУУ: Ооганстанда 2000ге жакын ИШИМ согушкери бар

ООГАНСТАН, 2025-жылдын 20-декабры – Karavan Info маалымат агенттиги. БУУнун Коопсуздук Кеңеши жаңы отчетунда Ооганстандагы ИШИМ-К тобунун согушкерлеринин жалпы санын болжол менен 2000 деп баалаган. БУУ ИШИМ-К тобун дагы эле оогандар жетектей турганын, бирок анын согушкерлеринин көпчүлүгү Борбордук Азия өлкөлөрүнөн экенин билдирген. Документте топ өзүнүн жаңы адамдарды тартуу жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, ири масштабдуу эл аралык чабуулдарды жасоого умтулаары баса белгиленген.

БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө мамлекеттердин маалыматына негизделген отчетто Ооганстанда ИШИМ-Хорасан*, Техрик-е-Талибан Пакистан (ТТП*), Аль-Каида*, Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы*, Жамаат-ан-Сарулла*, Иттихад-е-Мужахиддин Пакистан* жана башка топтордун бар экени айтылат.

Белгилей кетсек, учурда Ооганстанда 20дан ашык эл аралык жана аймактык террористтик уюмдар иштеп жатат.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Талибандын Ооганстанда террористтик топтордун жоктугу жөнүндөгү билдирүүлөрүн негизсиз деп четке какты. БУУнун Санкцияларды мониторингдөө комитети көптөгөн өлкөлөр өлкөдө мындай топтордун бар экендигин тастыктай берээрин билдирди.

Маалыматка ылайык, "Техрик-е-Талибан Пакистан" (ТТП*) Пакистанга Ооганстандан көптөгөн чабуулдарды жасаган.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши ошондой эле ИШИМ* Ооганстанда жихад мектептерин ачып, 14 жаштагы балдарды жанкечти болууга үйрөткөнүн билдирди. БУУнун маалыматы боюнча, бул мектептер Дюранд линиясына жакын аймактарда жайгашкан.

Ошол эле учурда, Пакистандын маалымат каражаттары Пакистандын чалгындоо агенттиги ISI ИШИМ-Кнын негизги мүчөсү жана өкүлү Султан Азиз Азамды камакка алганын билдиришти.

Талибан Пакистанды ИШИМди* колдоп жатат деп бир нече жолу айыптаган. Ушул жылдын сентябрь айында Талибандын чалгындоо кызматынын башчысы Абдул Хак Васик ушул сыяктуу топтордун Ооганстандан тышкары жерлерде базалары бар экенин билдирип, эгерде эл аралык коомчулук муну этибарга албаса, "кыйын баа төлөй турганын" эскерткен.

Талибандын чалгын кызматынын башчысы мындай деп белгиледи:

"Бүгүнкү күндө ИШИМдин* Ооганстанда борбору же тамыры жок. Өлкөнүн бир дагы аймагы ИШИМдин* көзөмөлүндө эмес. Топтун Ооганстандагы же чет өлкөлөрдөгү чабуулдары Ооганстандын сыртынан уюштурулган."

*Орусия Федерациясында тыюу салынган уюмдар

Сүрөт: БУУнун жаңылыктары (Л.Филипе)

error: