Быйыл Баткен облусунда үч стадиондун курулушу башталат – ИА Караван Инфо
Быйыл Баткен облусунда үч стадиондун курулушу башталат

2025-жылы Баткен облусунда үч стадиондун курулушу башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБнын президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов иш сапары менен Баткен облусуна барды.

Анын алкагында алгач жаңы дайындалган президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шаменов Айбек Асанович менен жолугушту.

Эске салсак, президенттин «2024—2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык облустун өкүлдөрү, аймактык футбол ассоциациясынын президенти болуп да дайындалат. КФБ өкүлдөрү Айбек Шаменовду аймактык ассоциациянын жетекчилигине келиши менен куттуктап, ийгилик каалашты.

КФБ өкүлдөрү иш сапардын жүрүшүндө, ошондой эле, Баткен облусунда курула турган стадиондордо иштердин жүрүшү менен таанышышып, Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларынын мэрлери жана курулуш иштерине тиешелүү уюмдардын адистери менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Белгилей кетсек, 2025-жылы 20 жакын футбол объекттинин курулушу жана реконструкциясы пландалууда. Анын ичинде Баткен облусунда Баткен, Кызыл-кыя, Раззаков шаарларынын үч стадионунун курулушу пландалууда.

Жолугушуунун алкагында курулуш иштери, графиктер, каржылоо, логистиканы жакшыртуу жана долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында көзөмөлдү камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.

Иш-сапардын дагы бир бөлүгү болуп, жергиликтүү клубдардын машыктыруучулары менен болгон жолугушуу болду. Анда клуб өкүлдөрү жана машыктыруучулар менен 2025-жылкы футбол сезонуна болгон даярдыктар, жаңы форматтар, анын ичинде 2026-жылкы сезонго Премьер-Лигага жергиликтүү клубдарын даярдоо боюнча маселелер каралды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: