Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү Нарын облусунда III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту.
Ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев 2025-жылдын планына кирген Нарындагы жолдор боюнча маалымат берди.
«Арал- Миң-Куш 22 км, Нарын – Орук-Там 5 км, Баетов-Макмал 5 км, Сары-Булак-Соң-Көл 3 км, Ак – Тал-Чат-Жогорку-Май 4 км, Казарман-Акталчат 3 км, Ат-Башы-Кында-Торугарт – 3 км асфальт төшөө каралды. Ал эми Нарын-Баетов унаа жолун бүтүрөбүз. Президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин дагы койгон талабы ушул», – деди министр Сыргабаев.
Белгилей кетсек, Курултайда жол тармагына байланыштуу Нарын облусу боюнча 40 кайрылуу түшкөн. Алардын көбү жолдордун абалы, жол куруу иштери.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/