“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында штаттык режимде иш алып барууда.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 500/220/35 кВ “Кемин” көмөкчордонда күн сайын 2 нөөмөтчү, 6 электр мискер, 3 инженер ишке чыгып, электр жабдуулардын иштешин текшерүүдөн өткөрүүдө.
Андан тышкары жооптуу кызматкерлерден нөөмөт уюштурулган.
Ар кандай штаттан тышкаркы кырдаалдар кырдаалдан чыгуу үчүн ыкчам топтор түзүлүп, кезек менен нөөмөттө турушат. Ыкчам топтор электр жабдууларын оңдоого тиешелүү запастык бөлүктөр менен камсыз болгон. Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусу боюнча 295 900 кардарды тейлейт. Анын ичинен өндүрүштүк – 16 236, турмуш тиричилик– 279 664.
Учурда Чүй облусу боюнча эч кандай өчүрүүлөр жок.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/