Чүй облустук театры быйылкы сезонду “Жолугушчу жолдор бар” аттуу жаңы спектакль менен ачат – ИА Караван Инфо
Чүй облустук театры быйылкы сезонду "Жолугушчу жолдор бар" аттуу жаңы спектакль менен ачат

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры быйылкы, 34-сезонду 20-сентябрда “Жолугушчу жолдор бар”  аттуу жаңы спектакль менен ачат.

Театрдан билдиришкендей, спектакль драматург Медетбек Сейталиевдин “Алыкул” пьесасынын негизинде эмгек сиңирген артист, театрдын көркөм жетекчиси Оросбек Айдаров дарабынан сахналаштрылат. 

Сценография – Садыр Ниязакунов, композитор -Таалай Бейшеев, балетмейстер -Бегайым Райымбекова.

Алыкул Осмоновдун ролунда Нурсултан Кадыр уулу жана Надырбек Калыбек уулу, поэттин сүйүктүүсү Зейнептин ролунда – Жазмина Жамалбекова жана Гуляра Ниязалиева. 

Спектаклга ошондой эле артисттер Аэлита Ысакова, Бекзат Каныбек уулу, Клара Токтобаева, Асель Басылбекова жана Назгүл Мамыровалар тартылган.

                                                     

error: