Чүй облусунда 23 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өтөт – ИА Караван Инфо
Чүй облусунда 23 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өтөт

Энергетиктер керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана сапаттуу тейлөө үчүн жыл сайын 1-марттан 1-ноябрга чейин электр жабдууларын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт.

2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Чүй электр тармактар ишканасынын Көмөк чордондор кызматы облустагы 23 көмөк чордондун 711 жабдуусун капиталдык оңдоодон, 100 көмөк чордондун 4977 жабдуусун техникалык тейлөөдөн өткөрүүнү пландоодо.

Оңдоп-түзөө жана техникалык тейлөө иштери Чүй электр тармактар ишканасынын бардык 123 көмөк чордонунда жүрөт.

Оңдоп-түзөө иштери эртең менен саат 09-00дон кечки 17-00 го чейин аткарылат. Энергетиктер иштеп жатканда коопсуздук үчүн электр энергиясы өчүрүлөт.

Эске салсак, 2024-жылы энергетиктер тарабынан Чүй облусунунун аймагында жайгашкан 29 даана көмөк чордондун 724 жабдуусу капиталдык оңдоодон өткөн. Ал эми калган 94 көмөк чордондун 4327 жабдуусу техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.

Маалымат: Чүй электр тармактар ишканасынын балансында 500 кВ – 2, 220 кВ – 3, 110 кВ – 21, 35 кВ – 97 жалпы 123 даана көмөк чордон бар.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: