Чүй облусунда от казандардын кышка даярдыгын күчөтүү жана экологиялык абалды түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул жолу Ысык-Ата районунун Гагарин айылындагы жана Токмок шаарындагы бир катар от каналардын жана таштанды төгүүчү жайлардын абалы менен таанышуу иштери жүргүзүлдү.
Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору таштанды таштоочу жайлар боюнча негизги нормалар тууралуу маалымат беришти.
Өз кезегинде Кант шаарынын мэри У. Майлибашев Ысык-Ата районундагы таштанды полигонун учурда 11,5 гектар бийиктиги 2,5 метр болгон тосмо толугу менен орнотулуп бүткөнүн белгиледи.
Ошондой эле ал күзөтчүнүн кабинасы, атайын видеобайкоо жана тиешелүү өрт жабдуулары жакында ишке кирет жана 2025-жылдан баштап калдыктарды сорттоо жүргүзүлөрүн кошумчалады.