Чүйдө энергетиктер тарабынан 10,3 миң даана изоляторлор алмаштырылат – ИА Караван Инфо
Чүйдө энергетиктер тарабынан 10,3 миң даана изоляторлор алмаштырылат

Чүй облусунда энергетиктер тарабынан 10 359 даана изоляторлор алмаштырылат, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Чүй электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы электр тармактар кызматынын электр куроочулары 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында Чүй облусу боюнча 10359 даана изолятор алмаштырып, 420 чакырым капиталдык оңдоо жана 2187 чакырым 35/500 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

Мындан тышкары, 10 гектар трассаны тазалап, электр чубалгыларынын астында жайгашкан бактарды бутоо жана кыюу иштерин жүргүзөт.

Бул иштер алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү жана керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн жүргүзүлөт.

2025-2026-жылдарга карата оңдоп-түзөө иштери март айынан ноябрь айына чейин созулат. Электр жабдыктары “КУЭТ” ААКнын өздүк каражатынын эсебинен алынат.

Маалымат үчүн: 2024-жылы энергетиктер 12806 даана эскилиги жеткен изолятор алмаштырып, 288 чакырым аралыкты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 2318 чакырым аралыкты учурдагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: