Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борбору (ЖДПБ) өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана аталган медициналык кызматтардын спектрин кеңейтүү менен өнүгүүлөр улантылууда. Бул тууралуу Милдеттүү медициналыу камсыздандыруу фондунан (ММКФ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордун башкы дарыгери Орозбек Муратов ММК фондунун төрагасы Азамат Муканов менен жолугушууда борбордо жүргүзүлгөн масштабдуу модернизациялоо жөнүндө айтуу менен келечектеги пландар боюнча да бөлүштү.
Борбор 108 койкалуу 9 бөлүмдөн туруп, ал заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган. Акыркы үч жылдын ичинде бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны модернизациялоо үчүн бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды.
ММК фондунун колдоосу менен реанимация бөлүмү ачылып, капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Анестезиология жана реанимация бөлүмүнө операция столу, операция лампасы жана сенсордук жуунгуч менен кошо 4 миллион сомго медициналык жабдуулар сатып алынды.
Реанимациянын ачылышы жана жабдылышы бейтаптарды башка аймактарга ташуунун зарылдыгысыз, жеринде хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, мындай жардам көрсөтүү убакытты кыйла кыскартуу менен дарылоонун натыйжалары жакшыртылды.
Жетекчилик алдыңкы медициналык борборлордон 30га жакын лапароскопиялык операция жасаган Санкт-Петербургдагы реаниматолог жана хирург сыяктуу жогорку квалификациялуу адистерди тарта алды. Ошондой эле Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиологу жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүүдө.
Бейтаптардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн жаңы ыңгайлуу керебеттер сатып алынды. Ошондой эле 5 миллион сомго буу казаны жана жылытуу системасы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жылдын суук мезгилинде температуралык режимди кыйла жакшыртууга жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу менен жылытууга кеткен чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берди. Терапия бөлүмүнүн фасады дагы жаңыртылды.
Эл аралык донорлордун гранттык каражаттарынын 89 667 АКШ долларына лапароскопиялык жабдуу сатып алынып, акыркы айларда 30дан ашык операция жасоого мүмкүндүк берди. Ошондой эле рентген аппараты сатып алынды жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Борбордун жакынкы пландарында – кардиология бөлүмүн ачуу жана томографиялык жана ангиографиялык жабдууларды орнотуу каралган. Бул демилгелер райондогу медициналык жардамды мындан ары жакшыртуу үчүн абдан маанилүү жана ММК фонду Борборду колдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр.