Чамдаңыз! Президенттин ЖМК жана журналистика жаатындагы сыйлыгы: эмгектерди кабыл алуу бир жумадан кийин аяктайт – ИА Караван Инфо
Чамдаңыз! Президенттин ЖМК жана журналистика жаатындагы сыйлыгы: эмгектерди кабыл алуу бир жумадан кийин аяктайт

Президенттин “ЖМК жана журналистика жаатындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жылдык сыйлыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгына ылайык, сынакка эмгектерди кабыл алуу уланууда.

Белгилей кетсек, сыйлыктын негизги максаты – илим, билим, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарба, өнөр жай тармактарында эмгектенген журналисттердин чыгармачылык ишмердүүлүгүн колдоо жана жетишкендиктерин баалоо. Сыйлык ошондой эле ар кандай тармактарда чыгармачылык активдүүлүккө стимул берет.

Сыйлыкка катышуунун шарттары:

2024-жылы сынакка сунушталган иштер meikin@mail.gov.kg электрондук дареги боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин электрондук түрдө кабыл алынат.

Сыйлыктын лауреаттарын жарыялоо Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган расмий иш-чарада, бардык номинанттарды чакыруу менен салтанаттуу өткөрүлөт.

Номинациялар:

Эскерте кетсек, сынактык иштерди кабыл алуунун аякташына 7 күн калды.

Сыйлыкка арыз берген катышуучулар тастыктаманы 0312 557315 телефону аркылуу алышы керек;  0550 739 550; 0558 581 258.

error: