Чоң-Арык конушундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу уланууда
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Чоң-Арык конушундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушун улантууда.
Мэриядан кабарлашкандай, эки кабаттуу үй-бүлөлүк медицина борбору Семетей көчөсүндө жайгашкан. 250 кишини кабыл алууга ылайыкталган бейтапкананын жалпы аянты 1283 чарчы метрди түзөт.
Имаратта ЭКГ, УЗИ, рентген, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, лифт, жуунучу жайлар каралган.
Мындан тышкары, долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.
Учурда ички жасалгалоо иштери, ошондой эле айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/