АКШдагы президенттик шайлоо дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, буга чейин жеңишин жарыялаган Дональд Трампты бир катар дүйнө лидерлери куттукташкан. Акыркы жыйынтыктар тастыктала элек болсо да, Трамптын жеңишин жарыялоосу көптөгөн куттуктоолорго себеп болду.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон да Трампка куттуктоо жолдоп, анын мурункудай чогуу иштөөгө даяр экенин белгиледи. «Урматтоо жана амбиция менен. Көбүрөөк тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн», — деп жазган Макрон.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Трамптын жеңишин “АКШнын саясий тарыхындагы эң чоң кайтып келүүсү” катары белгилеп, анын жеңишин дүйнө үчүн маанилүү деп атады.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын кайтып келиши “Америка үчүн жаңы башталыш жана Израил менен АКШнын ортосундагы альянстын бекемделиши” экенин баса белгиледи.
Австриянын федералдык канцлери Карл Нехаммер жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да АКШ менен алаканы чыңдоого үмүттөнөрүн билдиришти. Моди Трамптын жеңишин “тарыхый” деп мүнөздөп, глобалдык тынчтык жана туруктуулук үчүн кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Трамптын лидерлиги альянсты чыңдоонун ачкычы экенин айтты. “Анын жетекчилиги кайрадан биздин альянсты бекем сактоо үчүн ачкычы болот” деди Рютте.
Мындан тышкары, Улуу Британиянын премьер-министри Кейр Стармер эркиндиктин жана демократиянын жалпы баалуулуктарына негизделген АКШ-Британиялык альянстын маанилүүлүгүн баса белгиледи, ал эми Италиянын Министрлер кеңешинин төрагасы Джорджия Мелони Италия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы стратегиялык байланыштын мындан ары да бекемделөөрүнө ишеним билдирди.
Куттуктоого Сербиянын президенти Александр Вучич да кошулуп, туруктуулук жана тынчтык үчүн АКШ менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө тастыктала электигине карабастан, Трамп тарапкерлерине “АКШнын тарыхында белгилүү болбогон саясий жеңиш” деп айтты.
Сүрөт: Акордонун басма сөз кызматы