Данияр Амангелдиев менен Антье Граве жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун болжолдуу убактысын белгилешти – ИА Караван Инфо
Данияр Амангелдиев менен Антье Граве жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун болжолдуу убактысын белгилешти

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. 
 
Жолугушууда тараптар Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Антье Гравенин өткөн аптада болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, аларды ишке ашыруунун болжолдуу убактыларын белгилешти.  
 
Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясына Кыргызстандын ийгиликтүү катышуусу жана Бразилияда өтө турган Тараптардын 30-конференциясына даярдыктар талкууланды.  
 
Данияр Амангелдиев Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жогорку деңгээлде аткарылып жаткандыгын ырастап, 2030-жылга чейин өлкө ТӨМдү ишке ашыруу боюнча алдыңкы отуз өлкөнүн катарына кирүү боюнча амбициялуу максатын белгиледи.  
 
Ал ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жана бул багыттагы демилгелерге, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы “Тоолуу беш жылдыктын” беш жылдык жол картасын жана “жашыл” долбоорлорду, ошондой эле парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча максаттарга жетишүүнү ишке ашырууга көмөктөшүү маселелерине токтолду.  
 
Өз кезегинде Антье Граве Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы үзгүлтүксүз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, максаттарга жетүү үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи. Туруктуу өнүгүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө дайым даяр экенин билдирди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: