Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева 21-22-январь күндөрү Азербайжан Республикасынын Баку шаарында уюштурулган ТүркПАга мүчө парламенттердин Саламаттыкты сактоо боюнча комитеттеринин төрагаларынын II жыйынына катышты.
«Климаттын өзгөрүшү жана ден соолук: Климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка тийгизген таасирине каршы мыйзам чегинде көрүлүүчү чаралар» аталышында өткөн иш-чарада сөз сүйлөгөн комитет төрайымы Винера Раимбачаева Кыргызстандын бул багыттагы тажрыйбасына жана учурдагы абалга токтолду.
«Акыркы жылдары Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнөн улам табигый кырсыктардын масштабынын кескин көбөйүшүнө туш болууда. Алсак, азыр өлкөдө жыл сайын 3000ден 5000ге чейин табигый кырсык катталат. Бул коркунучтар адамдардын ден-соолугуна, өмүрүнө зыян келтирип, инфраструктуранын бузулушуна жана маанилүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн иштебей калышына алып келүүдө», – деди.
Муну менен катар эл өкүлү белгилегендей, климаттын өзгөрүүсү балдарга кызмат көрсөтүүлөргө инвестициялоо үчүн республикалык бюджеттин кыскарышынан жана мамлекеттик жардамга муктаж балдардын санынын көбөйүшүнөн улам балдар үчүн кырдаалды начарлатышы мүмкүн.
«Андыктан, жаш муун климаттын өзгөрүүлөрүнө туруктуу жана экологиялык жактан таза болушу үчүн биз азыртадан балдарга ар тараптуу кам көрүшүбүз керек», – деген Винера Раимбачаева бардык катышуучуларга жемиштүү иш каалап, кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/