Депутаттар мектептерде уюлдук телефон колдонуу эрежелерин бекитти – ИА Караван Инфо
Депутаттар мектептерде уюлдук телефон колдонуу эрежелерин бекитти

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпы билим берүүчү уюмда мобилдүү түзүлүштү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Азыгалиев, Марлен Маматалиев, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Жанарбек Акаев, Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Мурадил Сыдыков, Айбек Маткеримов, Эмиль Токтошев, Аида Исатбек кызы, Гүлшаркан Култаева.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Нурланбек Азыгалиев белгилегендей, мыйзам долбоору мобилдүү түзүлүштɵрдүн тенденция, академиялык ишке жɵндɵмдүүлүктүн тɵмɵндɵшү жана кибербуллинг чɵйрɵсүндɵгү тобокелдиктер сыяктуу кесепеттеринен балдарды жана ɵспүрүмдɵрдү коргоо, ошонун ɵзү менен билим алууга жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Тагыраагы, мыйзам долбоорунун милдеттери болуп тɵмɵнкүлɵр саналат: окуу процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу жана коопсуз, этикалуу билим берүү чɵйрɵсүн түзүү; санариптик сабаттуулук жана мобилдүү түзүлүштɵр менен маалыматтык технологияларды аң-сезимдүүлүк менен пайдалануу жɵндɵмдɵрүнɵ окутуу; жаңы кɵйгɵйлɵрдү жана технологияларды эске алуу менен коомду натыйжалуу ɵнүктүрүүгɵ жаш муунду даярдоо.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: