Депутаттар жаңы Жер кодексинин долбоорун карап чыгышты – ИА Караван Инфо
Депутаттар жаңы Жер кодексинин долбоорун карап чыгышты

Бүгүн, 23-декабрдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда Жер кодексинин долбоору жана “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду. 

Бул мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери таризделген жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттарды менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган.

Ошондой эле мыйзам долбоору жер участоктору бекитилип берилген имарат жана курулуш менен болгон жарандык-укуктук бүтүмдөрдөн келип чыккан чет өлкөлүк жактардын укуктарын жөнгө салууну камтыйт.

Талкуу учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков буга чейин ар кандай жагдайларда жер ээлерине берилген мамлекеттик актылардын мыйзамдуулугу, токой чарбасынын жерлерин бөлүштүрүү маселелерине көңүл бурду. Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев дача тибиндеги турак-жайларга калктуу конуш статусун берүү маселелерине токтолду.  Депутат Балбак Түлөбаев токой фондунун жерлерин туристтик тармакты жакшыртууга байланыштуу колдонууга берүү жагдайына кайрылды. 

Мындан тышкары комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.  

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: