Егерлердин жана аңчылык адистеринин эмгеги Саймалуу-Таш жана Каратал-Жапырык коруктарында экосистеманы сактоодо маанилүү роль ойнойт. Алар жаныбарлардын кышкы мезгилде жашап кетүүсүнө шарт түзүп, алардын санын сактап калышын камсыз кылат. Чөп жана суу булактарын муздан тазалоо жана жаныбарларга туз берүү иштери кышкы катаал шарттарга каршы жардам көрсөтөт.
Саймалуу-Таш жана Каратал-Жапырык коруктары биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо алмашкыс ролду ойнойт, көптөгөн өсүмдүк жана жаныбарлар түрлөрүнүн үйү болуп саналат, алардын ичинде сейрек жана жоголуп бара жаткан түрлөр да бар.
Саймалуу-Таш коругу Жалал-Абад облусунда, Көгарт дарыясынын боюнда жайгашып, 16 түрдүү сүт эмүүчүлөр, 45 түрдүү куштар жана 1500 түрдүү өсүмдүктөрдүн үйү болуп саналат.
Арасында ак илбирс жана сулөөсун сыяктуу сейрек түрлөрдү кездештирүүгө болот. Каратал-Жапырык коругу Нарын облусунда жайгашып, 36 түрдүү сүт эмүүчүлөрдү, анын ичинде ак ил илбирс жана тоо эчкисин, ошондой эле 130 түрдүү куштар бар.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/