КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагыы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсонду анын дипломатиялык миссиясынын аякташы менен байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле жакынкы мезгилде биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу пландарын талкуулашты.
Жээнбек Кулубаев Мэрилин Йосефсонго Кыргыз-Европа кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Министр экономика, билим берүү, санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо сыяктуу негизги тармактарда диалогду кеңейтүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде элчи Мэрилин Йосефсон жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Европа Бирлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөнүн чегинен тышкары жүргөндө дагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр Жээнбек Кулубаев биргелешкен жемиштүү иши үчүн ыраазычылык катары элчи Мэрилин Йосефсонго «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 80 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/