Европа инвестициялык банкы (ЕИБ) ири суу ташкынынан жабыркаган Испанияга 900 миллион евро бөлдү. Пакет критикалык инфраструктураны калыбына келтирүүгө, ошондой эле Валенсия, Кастилия-Ла-Манча жана Андалусия сыяктуу жабыр тарткан аймактардагы үй-бүлөлөрдү, бизнести жана мамлекеттик кызматтарды колдоого багытталган. ЕИБдин президенти Надя Кальвино аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө туруштук берүүнү жогорулатуу үчүн калыбына келтирүүдө климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу зарылдыгын белгиледи. “Биз барган сайын жаратылышта тез-тез болуп турган таасирлерден коргоо үчүн заманбап технологияларды колдонуп, жаңы климаттык шарттарды эске алуу менен калыбына келтиришибиз керек,”- деди ал.

Испаниянын Экономика министри Карлос Куэрво кыйын учурларда европалык түзүмдөрдүн өз убагында колдоосунун маанилүүлүгүн белгиледи. “Бул Европанын негизги баалуулугу — кризис мезгилинде мүчө мамлекеттерге жардам берүү”,-деди Куэрпо. ЕИБ ошондой эле керек болсо кошумча ресурстар менен камсыз кылууга даярдыгын билдирди.
Бул жардам буга чейин жабыр тарткандарды колдоо үчүн 10,6 миллиард евро бөлгөнүн жарыялаган Испания Өкмөтүнүн аракеттерин толуктап, Европанын табигый кырсыктардан коргонууну күчөтүү чечимин тастыктады.
Сүрөт: Emilio Morenatti