Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы : Мамлекеттик органдардын атынан жалган маалымат таратылууда – ИА Караван Инфо
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы : Мамлекеттик органдардын атынан жалган маалымат таратылууда

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы : Мамлекеттик органдардын атынан жалган маалымат таратылууда

Финкөзөмөл маалымдайт: социалдык тармактарда жана интернет мейкиндигинде “Каржы рынокторун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын” атынан мамлекеттик символика жана кызмат адамдарынын сүрөттөрү колдонулган жалган маалыматтар таралууда. Ал жарнамалык билдирүүлөрдө брокерлерди текшерүү жана алдамчылардан акчаларды кайтарып берүү кызматы сунушталууда.

Расмий түрдө билдиребиз, бул маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт!

КР Экономика жана коммерция министрлиги, Финансылык көзөмөл кызматы жана бул органдардын кызматкерлери аталган ишмердүүлүккө тиешеси жок жана мындай кызмат көрсөтпөйт.

Жарандарга эскертебиз:

Шек жаралган учурда расмий мамлекеттик органдарга кайрылыңыздар.

Так маалымат алуу үчүн #КРЭКМ жана Финансылык көзөмөл кызматынын расмий ресурстарын гана колдонууну сунуштайбыз.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: