Гүлжигит Алыкулов россиялык клуб менен келишим түздү – ИА Караван Инфо
Гүлжигит Алыкулов россиялык клуб менен келишим түздү

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Москванын «Торпедо» футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. 

«Торпедо» клубу Россиянын Биринчи лигасында ойнойт.

Өткөн сезондо Гүлжигит Беларустун «Неман» клубунда ойноп, 30 оюн өткөрүп, 8 гол киргизген. Ал Беларустун чемпионатында күмүш байгеге ээ болуп, өлкөнүн Кубогуна татып, жылдын жыйынтыгы боюнча команданын мыкты оюнчусу деп табылган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: