Эталондук мунайдын дүйнөлүк баасы төмөндөөдө. Лондондун ICE биржасында декабрда Brent мунайынын фьючерстери баррелине 74,40 долларга түшүп, 3,95%га арзандады. WTI чийки мунай фьючерстеринин баасы да 4,15% арзандап, баррелине 70,76 долларды түздү.

Баалардын төмөндөшүнүн негизги себеби, серепчилердин баамында, Израилдин Ирандын мунай же атомдук объектилерине эмес, анын аскердик объектилерине сокку уруу пландары тууралуу маалыматтар. Ошол эле маалда эксперттер эгер Израил Ирандын мунай объектилерине кол салууну чечсе, мунайдын жана башка энергетикалык баанын кескин көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн деп эскертишүүдө.
Буга чейин, 15-октябрда Brent мунайынын баасы баррелине 75 долларга чейин төмөндөп, аймактагы геосаясий чыңалуу күчөгөн шартта рыноктун туруксуздугун көрсөткөн.
Сүрөт: Pixabay.com / RoumanetD