Айыл чарба министрлиги гидропоника даярдоо боюнча өлкөдөгү мыкты адис аныкталгандыгын билдирди.
Маалыматка ылайык, жаш ветеринардык адис Мурзакулов Мирлан 7 жылдан бери жашыл тоют (гидропоника) даярдайт.
Ушул жылдар аралыгында мал жандыктарды сандан-сапатка өтүүдө тоюттардын сиңимдүүлүгү боюнча илимий маалыматтарга таянып, климаттын өзгөрүүсүн эске алуу менен жана жайыттарды сактоо, туура пайдалануу, арзан тез сиңимдүү болгон тоют бул гидропоникалык тоюттарды жасоого бел байлап, атайын Европадан келген Канадалык адистерден билим алган.
Бүгүнкү күндө Мирлан мырза Жалал-Абад областында– 920 фермер, Ош облусунда- 512 фермер, Баткен областында- 86 кызыктар болгон фермерлерди атайын гидропоникалык тоюттарды даярдоо боюнча окуулардан өткөргөн.
Окуу-семинарлардын жыйынтыгы менен өз чарбаларына жасаган 28 фермер үй-шартында кеңири пайдаланып келишүүдө. Ал эми алыскы райондорго онлайн окуу уюштуруп келет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/