Google компаниясы Калифорниядагы Kairos Power компаниясы менен алты же жети кичинекей атомдук реакторду сатып алуу боюнча келишимге кол койду. Бул реакторлор өндүргөн энергия жасалма интеллект менен иштөө үчүн колдонулган маалымат борборлорун кубаттоого жумшалат.

Биринчи реактор 2030-жылга чейин, калгандары 2035-жылга чейин ишке кириши керек. Google Kairos Power компаниясынан сатып алууну пландаштырган жалпы кубаттуулук 500 мегаватт болот.
Google өзүнүн муктаждыктары үчүн атомдук реакторлорго заказ берген биринчи корпорация болуп калды, бирок атомдук энергияны колдонгон жалгыз компания эмес. Сентябрда Майкрософт Three Mile Island атомдук электр станциясынын ишин калыбына келтирүү боюнча макулдашууга жетишти, ал эми Amazon атомдук энергия менен иштеген маалымат борборуна ээ болду.
Бул кадам Google компаниясынын таза энергияга өтүүнү тездетүү жана энергия өндүрүүнүн алдыңкы технологияларын колдоо стратегиясынын бир бөлүгү.
Сүрөт: Pixabay.com/makamuki0