Хирургия бөлүмдөрүндө ооруканага жаткыруу: медкызмат көрсөтүүнүн шарттары жана төлөмү – ИА Караван Инфо
Хирургия бөлүмдөрүндө ооруканага жаткыруу: медкызмат көрсөтүүнүн шарттары жана төлөмү

Хирургиялык бөлүмдөргө пландык операциялар үчүн жаткырылган бейтаптар белгиленген кошумча төлөмдү жүргүзүүдө милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ММК) алкагында бир катар медициналык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдөн бошотулат.

Атап айтканда:

Ооруканада жаткан бейтаптар бардык процедуралардын, анын ичинде наркоздун жана операциянын өзүнө кошумча төлөшпөйт.

Дарылоо процессинде бейтаптар Жашоонун маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген бардык зарыл болгон дары-дармек каражаттары (ЖМДК) берилет. Жеткиликтүү дары-дармектердин тизмеси менен медициналык кызматкерлерден же бөлүмдөгү маалыматтык такталардан тааныша аласыз. Ошондой эле бардык бардык зарыл болгон медициналык буюмдар, мисалы марли, бинт, шприц, инфузия системасы, башка дарылоо жана операциялар үчүн талап кылынган башка буюмдар берилет. Бул операцияга даярдоого арналган дары-дармектер, ошондой эле операциядан кийинки калыбына келтирүү үчүн да колдонулат.

Стационарда жүргүзүлүүчү бардык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр, анын ичинде анализдер, ультраүндүү изилдөө, рентген жана башка процедуралар кымбат баалуу изилдөөлөрдү жана манипуляцияларды кошпогондо,  медициналык көрсөткүчтөрдүн негизинде акысыз жүргүзүлөт.

Зарыл медициналык жабдуулар жок болгон учуда же стационарда лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, бейтап диагноз коюу үчүн менчик клиникаларга же лабораторияларга жөнөтүлүшү мүмкүн.

Өтө маанилүү!
Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча акы алынса, анда бөлүмдүн жетекчисине же оорукананын администрациясына кайрылуу керек. Маселе оң чечилбей калган учурда күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына телефон чалууну сунуштайбыз.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: