Бүгүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен ИИМдин Басма сөз кызматынын мурунку башчысы, милициянын полковниги Тилек Оторовду салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты.
Белгилей кетсек, Тилек Оторов 1973-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Ак-Кудук айылында туулган. 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин “Журналистика” факультетин ийгиликтүү аяктап, 2011-жылы ИИМдин Эргеш Аалиев атындагы Академиясынын “Юриспруденция” факультетин бүтүргөн. Үй бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун атасы.
Ал ички иштер органдарына 1998-жылдан баштап кызмат өтөй баштаган. Алгач, Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматынын катардагы кызматкеринен баштап, 2014-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кайгуул кызматынын Басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү болуп иштеген.
2017-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Нарын облусу боюнча Патрулдук милиция бөлүм башчысынын орун басары болуп кызмат өтөгөн. Ал эми 2018-2022-жылдары ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын үгүт жана пропаганда боюнча улук инспектору болуп дайындалган. Ал эми 2022-жылы ИИМдин Басма сөз кызматынын башчысына дайындалган.
Тилек Оторов көп жылдык ак ниеттүү кызматы үчүн ИИМдин көптөгөн ведомстволук сыйлыктары менен сыйланып, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан кол саат тапшырылган.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө анын көп жылдык кызматы жана ички иштер министрлиги менен коомчулуктун ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирилди. Жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин бекемдөөдө, ошондой эле министрликтин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылууда анын кошкон салымы баса белгиленди.
Тилек Оторвду куттуктоо үчүн ИИМдин Басма сөз кызматынын жетекчилери жана өздүк курамы чогулуп, ак ниет кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, даярдалган белектерин тапшырышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/