Ички иштер министрлиги интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө интим кызматтарын жайылтууга байланыштуу маалыматтарды камтыган 20дан ашык интернет-ресурстарды аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалыматка ылайык, бул сайттарда кыздардын жылаңач сүрөттөрү, интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын сүрөттөрү жана кызмат акысы жарыяланган. Бул маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү оңой жана бул ресурстарга жашы жете электер дагы кире ала тургандыгы тынчсыздандырбай койбойт.
Аталган сайттардын иши мыйзамдардын ченемдерин бузат, анын ичинде «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналат.
Аталган сайттар адеп-ахлактын, коомдук нормаларын бузулдушуна алып келип, ошондой эле жаш кыздардын буга азгырылгандыгы коомдук коопсуздукка коркунуч жаратат. Мунун баары маданияттын бузулушуна, адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктардын бузулушуна өбөлгө түзөт.
Интим кызматтарын көрсөткөн кыздардын криминогендик жагы бул көрүнүштүн жүзү жылдан жылга жашарып бараткандыгы, жаштардын сексуалдык бизнесине киришүүсүнөн улам болууда. Жаштардын көз карашында бул көрүнүш акырындык менен адеп-ахлаксыз көрүнүш жана социалдык четтөөнүн (Девиация) бир түрү болуп калууда.
Ошондуктан, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан чогултулган материалдардын негизинде жогорудагы сайттарга кирүүнү чектөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар айоосуз көрүлөт.
2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын аймагында интим кызматтарын жарнамалаган 23 интернет-сайттардын ишине бөгөт коюу боюнча соттун чечими чыгарылды. Бул чечимди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлдү.
Ички иштер органдары тарабынан “Притон” жана “Көпөлөк” рейддик иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Үстүбүздөгү жылдын январь айынын ортосунда аталган иш-чараларды уюштуруу учурунда борбор калаадан 90 сойку аныкталып, милицияга жеткирилген. Иш-чаранын алкагында сауналар, күнүмдүк берилүүчү батирлер, мейманканалар жана болжолдуу сойкуканалар текшерилди.
Интим кызматын жарнамалаган сайттарга кирүүнү чектөө боюнча иштер улантылууда.
Ошондой эле, интимдик кызмат көрсөтүү сайттарын иштеп чыгуучуларга жана ээлерине карата аларды жоопкерчиликке тартуу максатында чаралар көрүлөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/