ИИМ: Оор кылмышка айыпталган адамга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды – ИА Караван Инфо
ИИМ: Оор кылмышка айыпталган адамга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды

КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери оор кылмышка айыпталган адамга мыйзамсыз паспорт берүү фактысын аныкташты.

Талас облусунун райондорунун биринин паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери (азыркы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин базасында түзүлгөн «Кызмат» мамлекеттик мекемеси) жасалма документ даярдаган деп шектелүүдө.

Белгиленген маалыматтар боюнча 2012-жылы МККга караштуу паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн айрым кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун адамдын атын өзгөртүп жасалмалап (1981-жылы туулган И.А.) мыйзамсыз беришкен.

Кийинчерээк текшерүү учурунда мындай сериядагы паспорт мурда башка жаранга берилгени белгилүү болгон. Бул 1994-жылкы үлгүдөгү мурда жок кылынган паспортту Мамлекеттик каттоо кызматында паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызмат адамдары экинчи жолу пайдаланышкан, б.а. документ башка адамга же бул учурда издөөдө жүргөн кылмышкерге жаңы паспорт берүү негиз болгон.

2008-жылдын август айында түнкүсүн Чүй облусунун Жайыл райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө киши өлтүрүү фактысы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерден 1962 – жылы туулган Р.А. аттуу жергиликтүү тургундун (аял киши) киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. 

Бул факты боюнча, өлтүрүлгөн аялдын баласы 1985-жылы туулган Р.Б. аттуу жаран шектүү катары өтүүдө.

Шектүүгө издөө жарыяланып, бирок анын жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болбой, чет өлкөгө качып кеткен. Ал эми 16 жылдан кийин гана оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Р.Б. 2012-жылы башка жарандын атына жаңы паспорт алганы аныкталган.

Бул факты боюнча «Кызмат» мамлекеттик мекемеси КР ИИМден түшкөн каттын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

Ошондой эле, аталган жаран Орусиянын аймагында дагы бир оор кылмыш жасагандыгы белгилүү болгон. Тактап айтканда, 2022-жылдын ноябрында Санкт-Петербург шаарында болгон окуяда ал батирдин ээси 27 жаштагы кызды сабап өлтүргөн. Сот тарабынан 1981-жылы туулган И.А. аттуу жаран (ал 1985-жылы туулган Р.Б.) киши өлтүргөндүгү боюнча соттолгон (РФ Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси 1-бөлүм). Ал жазасын Россия Федерациясынын аймагында өтөйт.

Бул жаранды текшерүү учурунда документтери боюнча кармай турган эч нерсе жок, баары таза болгон. Маалым болгондой, ал убакта өз өлкөсүндө изделип жаткан адам буга чейин экинчи жолу жаңы паспорт алган. Көрсө, ал 2022-жылы чет өлкөдөн келип, 2012-жылы алган эски паспортунун «жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу» ордуна кайрадан Кыргыз Республикасынын жаранынын жаңы паспортун алып, андан кийин кетип калган.

Бирок, 2024-жылдын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери оор кылмыш үчүн издөөдө жүргөн адамдын изине түшүшкөн. Топтолгон материалдардын негизинде, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон.

КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Документтерди жасалмалоо жана мыйзамсыз паспорт берүү фактылары боюнча Талас облусунун райондорунун биринин (азыркы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси) паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн мурдагы жана азыркы кызматкерлери алынып келинип, териштирилүүдө.

Тергөө иштерин Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: