ИИМдин Ички иликтөө кызматы 33 жылдык мааракесин белгилөөдө – ИА Караван Инфо
ИИМдин Ички иликтөө кызматы 33 жылдык мааракесин белгилөөдө

Ички иштер министрлигинде 19-январда Ички иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Алмаз Осмонбеков, ардагерлер, ошондой эле өздүк курамы катышты.

Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков өз сөзүндө, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлерине татыктуу кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чарада кызматтын бир катар кызматкерлери жана ардагерлери, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиги жана жаш муундарды тарбиялоодогу баа жеткис салымы үчүн ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, жыл сайын 19-январда Ички иштер органдарынын Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: