ИИМдин борбордук аппаратында бүгүн, 16-январда Коомдук коопсуздук кызматынын онлайн кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кеңешме Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сталбек Рахмановдун жетекчилигинде өтүп, ага башкармалыктардын башчыларынын орун басарлары жана бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоо жана элге сервистик тейлөө көрсөтүү, президенттин “Элдик Курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү жыйынында” балдарга жана аялдарга карата зомбулуктар боюнча кайрылуусу, 2024-жылдын 29-июлундагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КР мыйзамы, ошондой эле санариптештирүү багыты багыты боюнча талаптар коюулду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/